Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарынын кирешелүүлүк ийреги

*тесттик режиминде иштөөдө

Датаны тандаңыз:

Кирешелүүлүк ийреги: бул эмне жана эмне үчүн керек?

Кирешелүүлүк ийреги – бул улуттук валютадагы баалуу кагаздар боюнча пайыздык чендердин мөөнөттүү структурасынын визуалдык чагылдырылышы, алардын баалары менен төлөө мөөнөтүнүн ортосундагы байланышты көрсөтүү. Бул ар кандай мөөнөткө карыз алуу же инвестициялоо канчалык пайдалуу экендиги жөнүндө түшүнүк берет.

Ким үчүн кирешелүүлүк ийреги маанилүү?

Кирешелүүлүк ийреги акча-кредиттик жөнгө салуучулар тарабынан рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүн баалоо, банк тутумунун ликвиддүүлүгүн башкаруу жана акча рыногун жөнгө салуу үчүн аналитикалык курал катары активдүү колдонулат. Коммерциялык банктар, инвесторлор жана финансы рыногунун башка катышуучулары үчүн кирешелүүлүк ийреги ачык-айкын жана эффективдүү финансы рыногун өнүктүрүүгө салым кошуу менен кредиттөө, инвестициялоо жана активдерди башкаруу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууда маанилүү багыт катары кызмат кылат.

Кайсы маалыматтар колдонулат?

Эсептөөлөр төмөнкү инструменттер боюнча орточо салмактанып алынган кирешелүктү камтыйт: Улуттук банктын "овернайт" депозиттери, мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк Улуттук банктын ноталары, мамлекеттик казына векселдери (3-, 6- жана 12 ай), мамлекеттик казына милдеттенмелери (2-, 3-, 5-, 7- жана 10 жыл).